altyn.barak

altyn.barak Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from altyn.barak, Book shop, Кыргызстан, Bishkek.

altyn.barak📚 "Адалды издөө стратегиялары" "Ибадат 10 бөлүктөн турат, анын 9 бөлүгү адалды талап кылуудан турат"(хадис)Же...
21/01/2026

altyn.barak📚 "Адалды издөө стратегиялары" "Ибадат 10 бөлүктөн турат, анын 9 бөлүгү адалды талап кылуудан турат"(хадис)

Жеген тамагыңыз – тагдырыңыздын бир бөлүгү экенин билчү белеңиз?

«АДАЛДЫ ИЗДӨӨ СТРАТЕГИЯЛАРЫ» — бул жөн гана китеп эмес,
бул адал менен арамды айырмалоону үйрөткөн жашоо колдонмосу.

✔️ Маркеттен эмне алуу керек?
✔️ Күмөндүү азыктар кайсылар?
✔️ Балдарыбызды адал менен кантип чоңойтобуз?
✔️ Адал тамак ибадатка кандай таасир берет?

Бул китеп ден соолугуна, ибадатына жана үй-бүлөсүнө кайдыгер карабаган ар бир мусулманга арналган.

📩 Заказ үчүн директке жазыңыз.

WhatsApp n.: 0507955955

📚 "Жибек жана Асия" – саякатка толгон, сырдуу жомок дүйнө! 🌏✨👧🏻 Жашы жете элек, бирок кыялдары асманды мелжеген Асия🧕🏻 Т...
30/06/2025

📚 "Жибек жана Асия" – саякатка толгон, сырдуу жомок дүйнө! 🌏✨

👧🏻 Жашы жете элек, бирок кыялдары асманды мелжеген Асия
🧕🏻 Түркиядагы жаңы досу – акылдуу, боорукер Жибек
🐪 Байыркы Жибек жолундагы укмуштуу түш, кербен, каракчылар жана жашыруун жерлер
📜 Кожо Ахмат Йасави менен сырдуу кездешүү жана хикматтар дүйнөсү
🏕️ Боз үй, батперек, ат минүү – баары бир китепте!

📖 Балдарга тарыхты, достукту, маданиятты, эң башкысы адеп-ахлакты үйрөткөн назик баяндоо
🕌 Ислам тарбиясы менен жуурулушкан көркөм окуялар
🎒 Окуучулар үчүн сонун белек, китепканаңыз үчүн табылгыс байлык!

📞 Буйрутма берүү үчүн: +996 507 955 955

🛒 Кызыктуу сапарга даярсыңбы? "Жибек жана Асия" китебин окуп, түш дүйнөсүнө чумку!

Ааламды нурга бөлөгөн илим, акыл менен ыймандын айкалышы — булар Имам Азам Абу Ханифа (рахимахуллах) сыяктуу улуу устаты...
09/04/2025

Ааламды нурга бөлөгөн илим, акыл менен ыймандын айкалышы — булар Имам Азам Абу Ханифа (рахимахуллах) сыяктуу улуу устатыбыздын турмушунда өз чегине жеткен. Ал — мазхабыбыздын пайдубалын түптөгөн, фикх илиминин тарыхында алтын тамгалар менен жазылган асыл мурас ээси.✨

📌Имам Азам — илимге жанын арнап, чынчылдык менен адилеттүүлүктү туу туткан инсан эле. Анын ар бир өкүмү, ар бир тыянагы — шариаттын так жана таза булагына таянган, терең ой жүгүртүүнүн жемиши болгон. Ал батыл пикирге эмес, куран жана хадиске таянган.

📌Устаты Хаммад ибн Абу Сулаймандан он сегиз жыл илим алып, кийинчерээк өзүнүн ири мектебин ачып, миңдеген окуучуларга багыт көрсөткөн. Анын эң көрүнүктүү шакирттеринин катарында Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад сыяктуу калыстар болгон.

📌Имам Азам өз мезгилинин гана эмес, бүтүндөй мусулмандар тарыхынын таасирдүү фигураларынын бири. Анын илимге берилгендиги, динди, акыйданы коргогондогу кайраттуулугу, падышалардын сунушуна баш ийбей, акыйкат үчүн күрөшкөнү — чыныгы такыбаалуулук менен эрдиктин үлгүсү болуп калды.

📌Ал дүйнөдөн өткөндө, аркасында сансыз маселелердин түйүнүн чечкен, жүздөгөн аалымдарды тарбиялаган, үммөт үчүн түбөлүк жол көрсөткөн мурас калтырды.

Тел: 0507955955

Адам баласы жарыкка муктаж болгондой эле, руханий азыкка да муктаж. Балдарыбыздын жүрөгүнө ыйман үрөөнүн сээп, туура жол...
28/03/2025

Адам баласы жарыкка муктаж болгондой эле, руханий азыкка да муктаж. Балдарыбыздын жүрөгүнө ыйман үрөөнүн сээп, туура жолду көрсөтүү – ар бир ата-эненин ыйык милдети. Ушул улуу максатты көздөп, "Алтын Барак" басма үйү "ИЛМИХАЛЫМ" китебин жарыкка чыгарды.

Бул китеп балага түшүнүктүү, ата-энеге пайдалуу, ар бир үй-бүлөгө зарыл болгон баалуулуктарды камтыйт:

📌 Ыймандын негизи жана анын асыл сырлары
📌 Намаз, орозо, зекет, ажылык сыяктуу ибадаттардын эрежелери
📌 Куран сүрөлөрү жана дубалар
📌 Пайгамбарыбыздын өрнөктүү өмүр баяны
📌 Адеп-ахлак жана жакшылыкка үндөгөн насааттар

🌿 "ИЛМИХАЛЫМ" – жеткинчектер үчүн руханий багыт, ата-энелер үчүн тарбиянын өрнөгү. Ар бир барагы – жүрөктөргө жарык чачкан нур.

Тел: 0507 955 955

📚 “Напси жана Шайтан” - Шайтан менен күрөшүүнүн жолдору!Бул китеп сизге напси менен шайтанды жеңүүгө жардам берет! Аятта...
25/09/2024

📚 “Напси жана Шайтан” - Шайтан менен күрөшүүнүн жолдору!

Бул китеп сизге напси менен шайтанды жеңүүгө жардам берет! Аяттар жана хадистер менен терең түшүндүрүлгөн маалыматтар руханий жактан коргонууңузду күчөтөт.

📖 Китепте эмне айтылат:
- Шайтан жана напсинин азгырыктарынан кантип коргонуу керек
- Жаман ойлордон жана аракеттерден алыс болуу
- Куран жана хадистердин негизинде шайтан менен күрөшүү жолдору

🛒 Сатып алыңыз азыр жана руханий жолуңузду чыңдаңыз!

🏷️ 200 сом (чекене баада)
🏷️ дүн баада да бар 😊
Байланыш:
📞 0507 955 955
📍 Бишкек ш., Гагарина 139А

#шайтан #напси #шайтанжананапси #китептер #ислам #эго #нафс #кыргызстан #кыргызча #бишкек #ош #жалалабад #ысыккол #нарын #баткен #талас #чуй #дисциплина #дин #книга #книги

Жакында жаңы китеп!!!
04/03/2024

Жакында жаңы китеп!!!

Жакында Алтын барактан жаңы китеп.Байланышуу :
29/02/2024

Жакында Алтын барактан жаңы китеп.

Байланышуу :

Бүгүн, башкача айтканда ишембиден жекшембиге өткөн түн Бараат түнү.Бараат түнүңүз маарек болсун!
24/02/2024

Бүгүн, башкача айтканда ишембиден жекшембиге өткөн түн Бараат түнү.
Бараат түнүңүз маарек болсун!

Бүгүн, башкача айтканда 6-7фефраль арасынд
06/02/2024

Бүгүн, башкача айтканда 6-7фефраль арасынд

Ражаб шарифтин биринчи жума түнү(бүгүнкү түн)Рагаиб түнү. Рагаиб күнү орозо кармоо керек.Рагаиб түнүндө шам намазы менен...
11/01/2024

Ражаб шарифтин биринчи жума түнү(бүгүнкү түн)Рагаиб түнү. Рагаиб күнү орозо кармоо керек.

Рагаиб түнүндө шам намазы менен куптан намазынын ортосунда 12 рекет хажат намазы окулат.

Эки рекетте бир жолу салам берип окулган бул намазда, Фатиха шарифадан кийин 3 Иннаа анзалнааху… менен 12 жолу Ихлас сүрөсү окулат.

Намаздан кийин 7 жолу Салати Уммия окулуп, саждага барат. Салати Уммия төмөнкүчө:

“Аллаахумма салли ъалаа саййидина Мухаммадинин-Набиййил-Уммийи ва алаа аалихи ва сахбихи ва саллим”.

Саждада 70 жолу: “Суббуухун Куддуусун Раббунаа ва Раббул-малааикати вар-Руух” окулат.

Саждадан туруп, бир жолу: “Раббигфир вархам ва тажааваз аммаа таълам. Иннака антал аъаззул акрам” окулат.

Кайра саждага барып, 70 жолу “Суббуухун Куддуусун Раббунаа ва Раббул-малааикати вар-Руух” окулат.

Саждадан кийин дуба кылынат. Дубада Аллахка мындайча илтижа кылуу (жалбаруу) керек: “Аллахумма баарик лана Ражаба ва Шаъбана ва баллигнаа Рамазан”.

Рагаиб түнүнүн күндүзүндө б.а. жума күнү, бешим менен аср намаздарынын ортосунда, 2 рекетте бир салам берилип, 4 рекет шүгүр намазы окулат. Ар бир рекетте 1 Фатиха, 7 Аятул-Курси, 5 Ихлас шариф, 5 Кул аъузу бираббил-фалак, 5 Кул аъузу бираббин-нас сүрөлөрү окулат.

Намаздан кийин 25 жолу “Лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил алийил азиимил кабиирил мутаъаал” жана 25 жолу “Астагфируллахал азиим ва атуубу илайк” деп истигфар окуп, андан кийин дуба кылынат. (Дуба жана Ибадаттар китеби, Алтын Барак)

Address

Кыргызстан
Bishkek
720010

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when altyn.barak posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category