09/02/2021
👨💼💻 Билл Гейтстен китеп окуу боюнча кеңештер: ⬇️
" Жакшы китеп окуу- бул жашоодогу маанилүү бир окуя сыяктуу". (Билл Гейтс)
1. Китепти окуп жатканда керектүү жерлерин жазып алгыла.🖋️
"Окуу адамдан көңүлдү бир жерге топтоону талап кылат. Айрыкча, илимий, же болбосо көркөм болбогон китептерди окуу мезгилинде сен жаңы билим аласың. Аларды өзүңдөгү көз караштар менен салыштыруу үчүн андагы негизги маалыматтарды жазып алуу- жакшы адат. Көбүнчө, жакшы китеп өзүнүн купуя сырдуулугун бир окууда эле ачып бербейт. Аны кайталап окуган сайын түшүнүп бара бересиң.
2. Баштаган китебиңди таштап койбо.📗
Билл Гейтс акырына чейин окуп бүтүрүүгө чамасы жетпеген китептерди баштоодон болушунча качат. Мунун жакшы тарабы бар- китепти эске түшкөндө окуу убакытты бекерге сарптоодон айырмаланбайт. " Мааниси жана илимий жагынан жетик китептерди тандап окугула. Болбосо, кичинекей бир ак кагаз жашооңорду ууландыруусу, же болбосо убактыңарды уурдашы мүмкүн", - дейт ал.
3. Басма китептерби же электрондук китептерби? Кайсынысы ыңгайлуу болсо, ошонусун окугула. 📖же 📲
"Азыркы учурда басма китептер окуу үчүн ыңгайлуу. Бирок, акырындык менен гаджеттерде дагы китеп окууну адатка айландырмакчымын",- дейт Билл Гейтс. Эгер, сизге мобилдик каражаттар аркылуу китеп окуу ыңгайлуу болсо, бул- сиздин тандооңуз. Маанилүүсү- эски кийим кийсеңер дагы, жаңы китеп окууга адаттангыла.
4. Бир саатты китеп окуу үчүн сарптагыла. ⏱️
Билл Гейтс китеп окууну эс алуунун эң ыңгайлуу жолу деп эсептейт. Анын кеңештери боюнча китепти колго алуудан мурда сиз кеминде бир саатты китеп окууга багыттоого чечим кабыл алышыңыз керек.
Китеп окуу 5, же болбосо 10 мүнөттүк иш эмес. Билл Гейтс китеп окуудан ырахат алуу керектигин айтат. Бул болсо, китепке киришип кетүүнү талап кылат. Миллиардердин ою боюнча жакшы китеп окуп, ырахаттанбаган адамдын саламаттыгы жакшы деп айтуу туура эмес.
( Маалымат "Дүйнөнү багынткан кедейлер" китебинен алынды)
А сиз Билл Гейтс жөнүндө кандай кызыктуу маалыматтарды билесиз?
Комментарийден бөлүшүңүз 👇, биз дагы билип алалы😉🤗
#БиллГейтс
#Шоолакитепдүкөнү