kor_shop_orginal

kor_shop_orginal Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from kor_shop_orginal, Shopping & retail, 충남 아산시 음봉면 음봉로681번길24 초원 그린타운 아파트 101동 1016 호, Cheonan.

02/09/2026

Бүгүн апамдын туулган күнү… 🤍

Эгер тирүү болгондо,
бармак белем кучак толо гүл көтөрүп… 🌷
«Туулган күнүңүз менен, апа» деп кучактап,
жаныңызда отурмакмын.

Келин болдум, апа болдум, аял да болдум.
Бирок апамдын жанында жүргөн кичинекей кыздын орду башка экен…

Айтчу сөздөрүм, айта турган көп сөздөрүм бар эле,
бирок баары жүрөгүмдө калды…
Апа, сиз менин дубаларымдасыз дайыма. 🤲🏻
Сизди абдан сагындым. Туулган күнүңүз менен, апа… 🤍

28/08/2026
21/08/2026

Үй-бүлө менен 🤍

Үй-бүлөң менен өткөргөн ар бир көз ирмем — өзүнчө бир баалуу эскерүү. 📚🤍

Бүгүн Кореядагы кооз китепканага үй-бүлөбүз менен барып, жагымдуу убакыт өткөрдүк. 🇰🇷✨

Балдар менен жаңы жерлерди көрүп, жаңы таасирлерди чогуу топтоо — биз үчүн эң сонун эскерүүлөрдүн бири. 🥰

03/08/2026

Жай — бул жөн гана мезгил эмес, бул үй-бүлө менен өткөрүлгөн баалуу көз ирмемдер. Ар бир күнүңүздөр кубанычка, тынчтыкка жана унутулгус эскерүүлөргө бай болсун! ☀️💙🌊

31/07/2026

Архивден…

Бул сүрөттөрдү көргөн сайын көзүм эмес, жүрөгүм жылмайат.

Анткени бул жерде жасалма эмес бакыт бар.
Тынчтык бар.
Үй-бүлө бар.
Үмүт бар.

Жашоо миң сыноо алып келиши мүмкүн.
Бирок үйүңө кайтып келгенде сени күтүп турган адамдар болсо — сен чындыгында бай адамсың.

«Раббим, бизге жубайларыбызды жана урпактарыбызды көзүбүздүн кубанычы кылып бер…» 🤍

🤲 «Раббана хаб лана мин азважина ва зуррийятина куррата аъюнин важъальна лиль-муттакина имама.» (Фуркан, 74)

20/07/2026

Туулган күнүң менен, менин алтын уулум! 💙🎉

Аллахым эки кыздан кийин бизге сени аманат кылып берди. Сен төрөлгөн күнү жүрөгүбүздө айтып жеткис кубаныч болду. Сен биздин үйдүн жарыгы, жүрөгүбүздүн согушу, жашообуздун эң кымбат белегисиң.

Ар бир жыл өткөн сайын сенин кандай мээримдүү, акылдуу болуп чоңоюп жатканыңды көрүп, Аллахка миң мертебе шүгүр кылабыз. Сенин ар бир күлкүң биз үчүн бакыт, ар бир ийгилигиң биздин сыймыгыбыз.

Аллахым сени Өзүнүн коргоосунда сактасын. Ден соолугуң бекем, өмүрүң узун, ырыскың мол, жүрөгүң ыйманга толо болсун. Эл сүйгөн, адептүү, билимдүү, ата-энеңе кайрымдуу, эже-карындаштарына камкор жигит болуп чоңой.

Биз сенин артыңдан ар дайым дубадабыз. Сен биздин эң чоң байлыгыбызсың.

13/07/2026

Бир күнү балдарың сенин канча иштегениңди эмес, алар менен кайсы жерлерди кыдырганыңды, канча жолу күлгөнүңдү, канча жылуу көз ирмем белек кылганыңды эстешет.

Үй-бүлө менен чыккан ар бир сапар — мамилеге салынган эң баалуу инвестиция. Жаңы жерлерди көрүү дүйнөнү гана эмес, бири-бириңерди да жаңыча таанууга жардам берет.

Өмүр күтүп турбайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүк болгондо үй-бүлөңдү жетелеп, кооз жерлерди көрүп, жүрөккө өмүр бою сакталчу эскерүүлөрдү чогулткула. Анткени эң чоң байлык — чогуу өткөрүлгөн убакыт.

Address

충남 아산시 음봉면 음봉로681번길24 초원 그린타운 아파트 101동 1016 호
Cheonan
31416

Telephone

+821077664390

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when kor_shop_orginal posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to kor_shop_orginal:

Shortcuts

Share