28/04/2023
Кыргыздын Чыңгызы көп болсун
Сиздер “МашаАллах, көз тийбесин!” деп туруңуздар, мен сүрөттөгү иним жөнүндө эки ооз сөз айтып берейин.
Бул жигит, Чыңгыз Арстан уулу. Мектеп жылдарынан бери жылдызыбыз келишип, жакындан катташып жүрөбүз.
Чыңгыз, капитализациясы 2 миллиард доллар болгон ири эларалык IT компаниянын маанилүү жеринде иштейт. Кесиби боюнча аңглис тили лингвист болгонуна карабастан, өзү кызыгып, өжөрлөнүп олтуруп IT тармагын мыкты деңгээлде өздөштүрүп алган. Ансыз деле жогоруда айтылгандай чоң компанияга катардагы эле программисттерди ала бербейт.
А мен болсо бул инимден 3 жумада 1 саат видео звонок аркылуу болсо да баарлашып туралы деп суранып, байланышып турабыз. Анткени, мындай жигиттер менен 1 саат баарлашуу кээде 2-3 китеп окугандан да арытыгыраак деп айтар элем. Маектешип олтуруп дүйнөдө, анын ичинде IT тармагында эмне болуп жатат бир катар “саякат” кылып чыгабыз. Аны менен катар толгон-токой адамдын аң-сезимин ача турган темаларды талкуулайбыз.
Акыркы жолугушууда мени өтө кубандырган нерселердин бири, бул инимдин “Влог баштайын деп жатам”, - деген чечими болду. Чындыгында кубандым. Себеби, кыргыздын жаштары ушундай үлгү боло турган уул-кызын, замандаштарын тааныш керек деп ойлойм. 4-5 тилде эркин сүйлөгөн IT тармагын мыкты билген, иреттүү түрдө спорт менен машыккан, жылдык китеп окуу планы болгон, акыл жана денсоолугуна бирдей кам көргөн мыкты жигит.
Айтпадым беле: “МашаАллах, көз тийбесин!”, - деп тургула деп. Айтпай калгандар болсо айтып коюңуздар. А мен болсо бул инимдин инстаграм баракчасын калтырганча постту аяктайын.
Азырынча көп деле контент жок чыгар баракчасында. Ага карабайстан катталып коюңуздар. Анткени бул иним менен кийинки жолугушууда дал ушул контент план жана стратегиясын талкуулайбыз. Буюрса алдыда мыкты контенттер менен сиздерге пайдалуу боло алат деп ишенем. Кыргыздын Чыңгызы көп болсун.
Жуманыздар маарек болсун!